Бишкекте башаламан таштандыга каршы рейд жүрүүдө

Коом 958 13 Март 2025 15:13
484097926_1077566037752583_3534023335569732318_n.jpg
483711526_1077566034419250_8738235356727319678_n.jpg
484097474_1077566074419246_2842322540659667740_n.jpg
483678879_1077565937752593_2871382837700434416_n.jpg
Алдыга
Артка
484097926_1077566037752583_3534023335569732318_n.jpg
483711526_1077566034419250_8738235356727319678_n.jpg
484097474_1077566074419246_2842322540659667740_n.jpg
483678879_1077565937752593_2871382837700434416_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Муниципалдык инспекция Бишкектеги башаламан таштандыларды жок кылуу боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкекте жыл башынан бери 100дөн ашык адам белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштап жаткандыгы аныкталды. Ошондой эле жеке сектордун тургундары үй-тиричилик таштандыларды чыгаруу графигин сактабастан, борбор калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузушууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы башаламан таштанды жайларында тынымсыз күзөт жүргүзүүдө. Рейд учурунда укук бузуучулар дароо жоопко тартылып, ошондой эле видеобайкоо камераларынын жазууларынан кийин дагы жоопко тартылууда.

Таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо жана үйүп салуу үчүн физикалык жактарга 104 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 572 000 сомду түздү. Юридикалык жактарга болсо 90 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 530 000 сомду түздү.

Ошондой эле курулуш, тигүү жана башка калдыктарды таштоо боюнча 150 протокол түзүлүп, суммасы 2 318 500 сом болду.

"Урматтуу жеке сектордун тургундары! Таштандыларды чыгаруучу графикти сактоо зарылдыгын эскертебиз. Азыркы учурдагы таштандыларды чыгаруунун расмий графиги тууралуу маалымат алуу үчүн, квартал өкүлүнө кайрылыңыз.

Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары! Таштандыларды атайын белгиленген контейнерлерге таштаңыздар!",-деп айтылат билдирүүдө.