Бишкекте балдардын акысыз ийримдери бар экенин билчү белеңиз? Даректери

Коом Загрузка... 04 Март 2026 12:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. Бишкек шаарында балдар каникулду пайдалуу өткөрүүгө шарттар түзүлгөн. Бул үчүн борбор калаанын бардык райондорунда акысыз ийримдер ачылган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Свердлов району

Балдар чыгармачылык борборунда балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык, интеллектуалдык жана техникалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча системалуу иш жүргүзүлөт.

Борбордун башкы имараты Жумабек көчөсү, 109 дарегинде жайгашкан. Мындан тышкары төмөнкү даректерде филиалдар жана клубдар иштейт: Ялтинская көчөсү, 100; Аламүдүн-1 кичи району, 77-үй; Восток-5 кичи району, Мамбетова көчөсү, 1/3; Алма-Ата көчөсү, 424.

Борбордо ар түрдүү ийримдер бар. "Почемучка" жана "Билгим келет" аттуу эрте өнүгүү студиялары, "East&West English" тил студиясы, "Акылман" шахмат клубу, "Менталдык арифметика" багыты жана компьютердик сабаттуулук боюнча ийримдер иштейт.

Улуттук маданиятты сактоого жана жайылтууга өзгөчө көңүл бурулат. "Каухар", "Жаз", "Кыялкеч", "Таажы" аттуу элдик жана заманбап бий ансамблдери, "Азем" фольклордук ансамбли, "Үч кыл" комуз ийрими, "Керемет" ооз комуз ийрими, "Оймо АРТ", "Чий чырмоо", "Өнөр Kg", "Этно сайма" студиялары, ошондой эле "БисерОк", "Волшебный клубок", "Чебер колдор", "Айкелчи", "Чебер Даркан" аттуу кол өнөрчүлүк жана декоративдик-колдонмо өнөр ийримдери иш алып барат.

Техникалык жана заманбап чыгармачылык багыттары да бар: "Мураскер" (баштапкы техникалык моделдөө), "Полет" (авиамоделдөө), "312 ArtHouse" (сүрөт өнөрү), вокал ийрими, "Алтын кыл" гитара ийрими, "Сүйлө ART" сахналык сүйлөө студиясы, "Каарман" актёрдук чеберчилик ийрими жана "Манас" бирикмелери.

Октябрь району

"Шайыр балалык" балдар чыгармачылык борборунда балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү иши системалуу түрдө уюштурулган.

Борбордо жана анын филиалдарында жалпысынан 70 ийрим иштейт. Негизги имарат 3-кичи район, 14/1 дарегинде жайгашкан. Ошондой эле "Тунгуч", "Эрудит", "Надежда", "Этюд", "Мастерок", "Аруна" клубдары жана Октябрь районундагы 7 жалпы билим берүүчү мектептин базасындагы ийримдер иш алып барат.

Ишмердүүлүк төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: — көркөм-эстетикалык (сүрөт өнөрү, декоративдик-колдонмо чыгармачылык, дизайн, вокал, бий, актёрдук чеберчилик); — дене тарбия жана спорт (шахмат, ушу, теннис, бокс, кикбоксинг, дзюдо, йога); — техникалык чыгармачылык (авиамоделдөө, робототехника, санариптик конструирование); — социалдык-интеллектуалдык өнүгүү (логика, англис тилинде сүйлөө, полиглот, көркөм окуу, "өзүңдү тааны" жана башка багыттар).

Сабактар борбордун негизги имаратында, ошондой эле Туңгуч, Көк-Жар, Асанбай кичи райондорунда жана №100, №88, №60, №3, №64, №73, №103 мектептердин базасында өткөрүлөт.

Ленин району

Балдар чыгармачылык борборунда балдардын жана өспүрүмдөрдүн ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Борбор Бакаев көчөсү, 130 дарегинде жайгашкан. Ошондой эле "Ырыс" клубу (Ш. Руставели көчөсү, 111) иштейт. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде акысыз жүргүзүлөт.

Борбордо көркөм-эстетикалык, музыкалык-сахналык, техникалык, спорттук жана интеллектуалдык өнүктүрүү багытындагы ийримдер бар. Балдар декоративдик-колдонмо өнөр, хореография, вокал, комуз чертүү, тележурналистика, санариптик технологиялар, авиамоделдөө, ошондой эле спорттун түрлөрү жана улуттук күрөш өнөрлөрү менен машыга алышат.

Мындан тышкары, борбордун ийримдери Ленин районундагы мектептердин базасында да иштейт. Жалпысынан 48 ийримде 2 100дөн ашуун бала билим алууда.

Ошондой эле Ленин районундагы "Жаш техниктер станциясы" муниципалдык кошумча билим берүү мекемеси борбор калаанын балдарына жеткиликтүү жана акысыз кошумча билим берүүнү камсыз кылат.

Жаш техниктер станциясы 37 жылдан бери өсүп келе жаткан муундун техникалык жана чыгармачылык өнүгүүсүнүн алдыңкы борборлорунун бири болуп эсептелет. Учурда бул жерде 1 988 бала окуйт, алардын 18 пайызы социалдык жактан аяр категориядагы балдар. Окуу процессин 45 квалификациялуу педагог камсыз кылат.

Окутуу алты негизги багыт боюнча жүргүзүлөт: техникалык (робототехника, IT, авиа- жана автомоделдөө), көркөм-эстетикалык, интеллектуалдык өнүктүрүү, музыкалык-сахналык, спорттук жана туристтик-краеведчилик.

Лев Толстой көчөсү, 144 дарегинде жаңы заманбап 4 кабаттуу имарат курулуп жаткандыгына байланыштуу окуу процесси убактылуу Ленин районундагы 12 мектептин базасында уюштурулган. Аянты 2 500 чарчы метрден ашкан жаңы имараттын курулушу 2026-жылдын IV кварталында аяктайт деп пландалууда. Жаңы корпус заманбап IT-класстар, робототехника лабораториялары, 3D-принтерлер, лазердик станоктор жана обсерватория менен жабдылып, 2 500 балага чейин камтууга мүмкүнчүлүк берет.

2024–2026-жылдары станция жаңы багыттарды активдүү киргизүүдө: робототехника боюнча кошумча топтор ачылып, зергерчилик өнүктүрүлүүдө жана улуттук баалуулуктарды жандандырууга багытталган "Өрнөк" этно-багыты ишке ашырылууда.

Биринчи май району

Кошумча билим берүүнү Биринчи май райондук Балдар чыгармачылык борбору камсыз кылат. Борбордун негизги имараты Т. Молдо көчөсү, 21 дарегинде жайгашкан. Ошондой эле Бөкөнбаев көчөсү, 104 дарегинде клуб иштейт. Учурда борбордо 46 ийрим бар, алардын айрымдары райондук мектептердин базасында уюштурулган.

Иш төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: — декоративдик-колдонмо жана техникалык чыгармачылык (мончок менен иштөө, аппликация, оригами, кийиз менен иштөө, сүрөт өнөрү, робототехника); — музыкалык-сахналык багыт (комуз, вокал, фольклор); — музыкалык-эстетикалык жана спорттук (элдик жана заманбап бийлер, театр өнөрү, көркөм окуу, сахналык кеп, волейбол); — интеллектуалдык-социалдык өнүгүү (англис тили, программалоо, медиа, "Манастаануу", шахмат, жаштар бирикмелери).