Бишкекте бала бакчалар үчүн ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектисинин таанытымы өттү

Коом 1064 26 Февраль 2025 12:50
480516385_951966593781816_2572152969295356507_n.jpg
481078800_951966687115140_8745617365463889985_n.jpg
480815010_951966623781813_4754468980384665487_n.jpg
481078800_951966687115140_8745617365463889985_n.jpg
481703634_951966720448470_938293629720376710_n.jpg
481676295_951966730448469_8996591240115108947_n.jpg
481699809_951966777115131_2716139618260290672_n.jpg
480747690_951966747115134_3682399609132482566_n.jpg
480853714_951966807115128_6140385602227076502_n.jpg
481042560_951966707115138_1130556090194230183_n.jpg
480516385_951966593781816_2572152969295356507_n.jpg
481072542_951966660448476_8867296499123851516_n.jpg
481080978_951966760448466_2626631648182455312_n.jpg
481084254_951966643781811_5031293940695944966_n.jpg
480871722_951964407115368_3226027077031161684_n.jpg
481771445_951966613781814_5694916659520058810_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Бишкекте бала бакчалар үчүн ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектисинин таанытымы өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, Билим берүү департаментинин, райондук билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери жана бала бакчалардын директорлору катышты.

Анда долбоордун негиздөөчүсү Солдатбек Рысбек уулу ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектисинин мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, анын балдардын чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу кеңири айтып берди.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев ар бир бала бакча ушундай ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектиси менен жабдылышы керектигин айтты.

"Улуттук баалуулуктарды заманбап билим берүү технологиялары менен айкалыштыруу аркылуу жаңы муунду кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн, чыгармачыл жана креативдүү инсан катары тарбиялоого болот”, - деп белгиледи ал.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга комплексти колдонуу боюнча практикалык көрсөтмөлөр уюштурулуп, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Эскерте кетсек, пилоттук долбоор катары Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Москва районунун 15 бала бакчасына ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектиси алынып берилген. Мындай тажрыйба долбоордун натыйжалуулугун көрсөтүп, анын башка аймактарда дагы жайылтылышына өбөлгө болууда.