Мамлекеттик тил комиссиясы башка дарекке көчтү

Коом Загрузка... 15 Май 2025 15:28
News_308923710656693291429376516770655819119.jpg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 15.05.2025 /Кабар/. Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аппараты жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү (“Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси, Окуу-маалыматтык жана котормо борбору, Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору, “Кыргыз тили” гезити) башка дарекке көчтү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясынан билдиришти.

Мекеменин жаңы дареги : Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 265А, 4-кабат. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын имараты.

“Ошондой эле расмий сайтка жана социалдык түйүндөргө жаңы дарек жана байланыш номерлер жакын арада жаңыртылып жайгаштырылат” деп белгиленет маалыматта.