Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

Коом 1132 21 Февраль 2025 18:00
480809733_949050180740124_1936520149721073734_n.jpg
481076999_949050224073453_7043389181371202415_n.jpg
480761882_949049490740193_5028742324595653975_n.jpg
480761077_949050317406777_5290002701588017883_n.jpg
480669634_949050254073450_4330605638920224825_n.jpg
480330745_949050274073448_2485726469328224063_n.jpg
480753411_949050330740109_3785316931657718648_n.jpg
480638034_949050214073454_4046009307470734102_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Мекемеден билдиришкендей, отурумда бир катар маселелер каралды.

Атап айтсак, кыргыз тилинин жазуу жана айтылыш эрежелерин тактоо, өркүндөтүү максатында эксперттик (жумушчу) топ түзүү сунушталды. Бул кадам тилдин грамматикалык жана лексикалык нормаларын заманбап талаптарга ылайык келтирүүгө багытталган.

Ошондой эле кыргыз тилинин жазуу тамгаларынын транслитерациясын колдонуу эрежелерин бекитүү зарылдыгы белгиленди. Бул эрежелер мамлекеттик тилдин ар түрдүү тармактарда бирдей колдонулушун камсыздоого өбөлгө түзөт.

2021-2025-жылдары ишке ашып жаткан тилди өнүктүрүү программасынын мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу, жаңы 2026-2028-жылдарга карата мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана сунуштарды берүү маселеси талкууланды.

Жыйында ошондой эле күн тартибинен тышкары актуалдуу маселелер да каралды.