Бишкекте Бакаев көчөсү ачылып, бир тараптуу каттам берилди

Коом Загрузка... 03 Апрель 2026 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. Бакаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, транспорт агымдарын жөнгө салуу жана тыгындарды азайтуу максатында төмөнкү көчөлөрдө бир тараптуу кыймыл киргизилди:

  • Бөкөнбаев көчөсү — Жаш Гвардия бульварынан батыш багытты көздөй Асаналиев (Некрасов) көчөсүнө чейин;
  • Жаңы ачылган Бакаев көчөсү — Бөкөнбаев көчөсүнөн түштүк багытты көздөй Лев Толстой көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, Лев Толстой көчөсүнө чыгуу мүмкүнчүлүгү камсыздалып, жол эки тилкелүү кыймылда уюштурулду. Аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги тилкенин убактылуу жабылышына байланыштуу, жаңы жол бөлүгү түштүк багытта унаа кыймылы үчүн ачык.

Долбоордун экинчи этабында Бакаев көчөсүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин узартуу жана көпүрө куруу пландалууда.