Бишкек, 24.11.25 /Кабар/. Бишкекте автобустун айдоочулары белгиленген иш графиги боюнча иштешет. Бул тууралуу 11 -каттамдын айдоочусу Кубанычбек Усупов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ар бир айдоочуга белгиленген график бар. Белгиленген график боюнча айдоочу күнүнө 10 саат иштеши керек. Бирок, каалоосуна жараша иш убактысын 12–13 саатка чейин узартса болот.
“Менин жумуш күнүм таңкы саат 06:41де башталып, саат 17:42де аяктайт. Анын ичинде бир саат түштөнүүгө берилет. Ошондо так 10 саат иштейм. Бир айда 15 күн иштейбиз. Эки күн иштеп, эки күн эс алабыз,” - деди Усупов.