Бишкекте амфитеатр жана веложолу бар жаңы сквер курулат – эскиздери

Коом Загрузка... 19 Июнь 2026 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Бишкекте Ю.Фучик көчөсүндөгү №54 орто мектептин жанында жаңы заманбап сквер курулат.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, учурда Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жаңы сквердин долбоорун сунуштады.

"Долбоорго ылайык, жаңы эс алуу жайынын жалпы аянты 1,3 гектарды түзөт. Ал балдар ойноочу аянтча, воркаут (спорттук) зонасы, жөө жүрүүчү жана велосипед жолдорун, чакан амфитеатр, отургучтар жана көлөкө берүүчү чатырларды камтыйт. Ошондой эле мында заманбап жарыктандыруу система жана унаа токтотуучу жай каралган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордун алкагында аймактагы бак-дарактар сакталып, кошумча 5 064 м² жерге жаңы декоративдик өсүмдүктөр отургузулат. Бардык элементтер бирдиктүү архитектуралык стилде жасалат.