Бишкекте Алтай шаарчасынын курулушу башталды – эскиздери

Коом 21 ноябрь 2025 11:10
586542855_1349076403358072_8358634729081121644_n.jpg
585047364_1349076556691390_6688648457080848863_n.jpg
586284705_1349077086691337_1629082986018324954_n.jpg
586333231_1349076566691389_4786534602683182137_n.jpg
586622742_1349077103358002_1361341044995883907_n.jpg
Алдыга
Артка
586542855_1349076403358072_8358634729081121644_n.jpg
585047364_1349076556691390_6688648457080848863_n.jpg
586284705_1349077086691337_1629082986018324954_n.jpg
586333231_1349076566691389_4786534602683182137_n.jpg
586622742_1349077103358002_1361341044995883907_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Алтай шаарчасынын курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Курулушка президент Садыр Жапаров мезгил кутусун салып, Алтай комплекси калктын турак жайга болгон муктаждыгын жоюу жана шаардын инфратүзүмүн жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн иштелип чыкканын белгиледи.

Алтай – бул 234 гектар аянтта жайгашкан турак жай жана социалдык комплекстин ири масштабдуу долбоору. Бул жерде 1 551 беш кабаттуу турак үй курулат. Бардыгы болуп ар кандай пландаштырылган 34 004 батир каралган. Курулуштун жалпы аянты 1 млн 7 миң чарчы метрден ашат.

Долбоорго ылайык, мектептер, бала бакчалар, поликлиникалар, ооруканалар, реабилитациялык борборлор, милиция бөлүмдөрү жана өрт-куткаруу борборлору курулат. Мындан сырткары, эс алуу үчүн аянты 50 гектар болгон чоң сейил бак, заманбап спорттук жана балдар аянтчалары каралган.

Шаарда дээрлик 86 чакырым ички жол, 50 чакырым тротуар, ошондой эле 34 500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайлар болот.