Бишкек, 16.06.26 /Кабар/. Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Америка Кошмо Штаттарынын түптөлүшүнө салым кошкон инсандарга арналган "АКШнын негиздөөчү аталарынын музейи" аттуу көчмө көргөзмөнүн ачылышы өттү.
Экспозиция Америка Кошмо Штаттарынын түптөлүшүнүн 250 жылдыгына карата Freedom 250 программасынын алкагында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулду.
Ачылыш аземге маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышты.

Маданият министринин орун басары өзүнүн куттуктоо сөзүндө бул долбоордун эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн белгиледи.
"Экспозиция Американын түптөлүү тарыхын чагылдырып, эркиндик, мамлекеттүүлүк жана демократия баалуулуктарын чагылдырат. Жорж Вашингтон, Томас Жефферсон жана Бенжамин Франклин сыяктуу негиздөөчүлөр өчпөс из калтырышкан. Маданият министрлиги эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө умтулат. Биз долбоордун бардык катышуучуларына жана АКШ элчисине ушундай тарыхый, маанилүү кече үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деди Мадаминов.
АКШ элчиси өз сөзүн мамлекеттик тилде саламдашуу менен баштап, кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.
"Көргөзмөнүн ачылышына көрсөткөн колдооңуздар үчүн рахмат. Мен АКШнын тарыхын кыргызстандыктар менен бөлүшүп жатканыма кубанычтамын", - деди ал.

Расмий ачылыш аземинен кийин коноктор үчүн экспозиция боюнча экскурсия уюштурулду. Улуттук тарых музейинин илимий кызматкери маданият министринин орун басарына, АКШ элчисине жана башка конокторго ар бир портрет, анда берилген негиздөөчү аталар жана көргөзмөдөгү эмгектерде чагылдырылган тарыхый окуялар тууралуу кеңири айтып берди.

Белгилей кетсек, көргөзмө Бишкекте 16-июндан 28-июнга чейин ачык болот, андан соң экспозиция өлкөнүн аймактарында ишин улантат. Аймактардын тургундары жана коноктору дагы бул көргөзмө менен тааныша алышы үчүн Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" музейинде жана Ысык-Көлдө көрсөтүү пландалууда.