Бишкекте Айтматов проспектисинин оңдоодон өткөн бөлүгү ачылды

Коом 24 ноябрь 2025 20:20
FB_IMG_1763993153562.jpg
FB_IMG_1763993155190.jpg
FB_IMG_1763993157584.jpg
FB_IMG_1763993159648.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1763993153562.jpg
FB_IMG_1763993155190.jpg
FB_IMG_1763993157584.jpg
FB_IMG_1763993159648.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев проспектисине чейинки бөлүгүнө асфальт төшөө иштери толук аяктап, унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Объекттин ачылышына башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Жол тилкесинин жалпы узундугу 1560 метрди түзөт. Кеңейтүүдөн кийин жолдун туурасы 22,5 метрге жетти. Кеңейтүү иштери эки тарабынан 6 метрден жүргүзүлүп, эки катмар асфальт төшөлдү.

Учурда жер алдындагы өтмөктүн курулушу жана жолдун айланасын көрктөндүрүү иштери активдүү жүрүп жатат. Ал эми жашылдандыруу иштерин аба ырайынын шарттарына байланыштуу жаз айларына жылдыруу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле жол боюна 62 даана жарыктандыруу чырактары орнотулду.