Бишкекте "Агротехэкспо-2025" көргөзмөсү жана "Алтын күз" жарманкеси өтүүдө

Коом Загрузка... 17 Октябрь 2025 11:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта Кыргызстандын айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган республикалык "АгроТехЭкспо-2025" агроөнөржай көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өз ишин баштады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, ошондой эле асыл тукум мал жаныбарлары көргөзмөгө коюлган.

Жарманкеде өлкөнүн ар аймактарынан келген өндүрүүчүлөрдүн органикалык таза айыл чарба азык-түлүктөрүнүн бардык түрлөрү арзан баада сатылууда.

Көргөзмөгө 7 дубандан жана 40 райондон келген дыйкан-фермерлер, жергиликтүү ири кайра иштетүүчү ишканалар жана чарбакер субъекттер катышууда. Шаар тургундары жана коноктор жарманкеге келип, өздөрүнө керектүү айыл чарба техникаларын, жабдууларды жана азык-түлүк товарларын арзандатылган баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле катышуучулар үчүн жеңилдетилген лизинг жана насыя кызматтары сунушталууда.

Аталган көргөзмө-жарманке 19-октябрга чейин уланат. Бул иш-чаранын негизги максаты — агроөнөржай тармагындагы жетишкендиктерди көрсөтүү, фермерлер менен өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана айыл чарба кызматкерлеринин эмгегин даңазалоо болуп саналат.