Бишкекте "Агродиалог – 2026" айыл чарба форуму өтүүдө

Коом 480 18 Февраль 2026 11:48
634384254_122203227032341273_7133400553297271530_n.jpg
634702010_122203227110341273_126658500710608510_n.jpg
635244276_122203225394341273_433052735250950978_n.jpg
636863757_122203224764341273_6030748315830739374_n.jpg
636875738_122203224776341273_6911630477777201113_n.jpg
636879664_122203224488341273_1137473493419555463_n.jpg
636884791_122203224986341273_6036877109859875402_n.jpg
636993055_122203225022341273_3730237134870698987_n.jpg
637064228_122203226030341273_6071535866634433332_n.jpg
637146072_122203225982341273_7026804471702747010_n.jpg
637191146_122203225334341273_4934071935872570917_n.jpg
637230106_122203226060341273_4250279690109312331_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Бишкектеги К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде "Агродиалог – 2026" айыл чарба форуму өтүүдө. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулду.

Ведомстводон маалымдашкандай, форум айыл чарба тармагындагы инновацияларды жайылтуу, дыйкандардын тажрыйба алмашуусун күчөтүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

Иш-чаранын алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы менен “жеңүүчү” аталган алдыңкы дыйкан-фермерлер салтанаттуу түрдө кызыл килемден өтүшүп, коомчулукка тааныштырылды.

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев тармактагы мыктыларга медалдарды жана 25 миң сомдук сертификаттарды ыйгарды. Бул сыйлыктар айыл чарба өндүрүшүндө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен эмгекчил дыйкандардын ийгилигин даңазалоо менен бирге, башкаларга дем берүүчү үлгү болуп саналат.

Белгилей кетсек, "Агродиалог – 2026" иш-чарасы 18-20-февраль күндөрү агрардык университетте өтүп, 21-февралда жыйынтыктоочу бөлүгү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышат.