Бишкекте абанын сапатын жөнгө салуунун укуктук негиздери талкууланды

Коом 19 декабрь 2025 09:20
601338633_855505947102536_4010118965433612212_n.jpg
602894135_855505677102563_2569564044757911023_n.jpg
601341172_855505560435908_3343650068347102573_n (1).jpg
601341172_855505560435908_3343650068347102573_n.jpg
601341172_855505713769226_7398885157845454390_n.jpg
601401842_855505790435885_7708506873094066787_n.jpg
Алдыга
Артка
601338633_855505947102536_4010118965433612212_n.jpg
602894135_855505677102563_2569564044757911023_n.jpg
601341172_855505560435908_3343650068347102573_n (1).jpg
601341172_855505560435908_3343650068347102573_n.jpg
601341172_855505713769226_7398885157845454390_n.jpg
601401842_855505790435885_7708506873094066787_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Бишкекте "Кыргызстанда абанын сапатын жөнгө салуунун укуктук негиздерин жана башкаруу механизмдерин талдоо" темасында тегерек стол өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Иш-чара министрдин орун басары Асел Раимкулованын жетекчилиги алдында өтүп, атмосфералык абаны коргоо жаатындагы колдонулуп жаткан мыйзамдык жана институционалдык базанын, ошондой эле адамдын таза, ден соолукка пайдалуу жана туруктуу айлана-чөйрөгө болгон укугун ишке ашыруу механизмдеринин аналитикалык баяндамасы сунушталды.

Баяндама Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын, стратегиялык документтерин, эл аралык милдеттенмелерин, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) жана башка эл аралык уюмдардын сунуштарын талдоонун негизинде даярдалган.

Тегерек столдун негизги максаты — жүргүзүлгөн обзордун жыйынтыктарын талкуулоо жана абанын сапатын башкаруу боюнча мыйзамдарды жана механизмдерди мындан ары өркүндөтүү үчүн артыкчылыктуу сунуштарды аныктоо болду.

Тегерек стол БУУнун Борбор Азия боюнча Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Регионалдык бөлүмү менен биргеликте жана БУУ ЮНЕПтин техникалык колдоосу менен өттү.