Бишкекте абанын булгануусу ченемден эки эсе ашты

Коом 27 февраль 2026 10:45
Бишкекте абанын булгануусу ченемден эки эсе ашты
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарында атмосфералык абадагы зыяндуу заттардын суткалык орточо көлөмү белгиленген ченемден ашты. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-февралдан 26-февралга чейин жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында булгануучу заттардын орточо суткалык концентрациясы чектүү деңгээлден 2 эсеге чейин ашкандыгы аныкталды.

Эскерте кетсек, атмосфералык абанын булгануусунун негизги булактары катары автоунаалардан чыккан түтүн, жеке сектордогу жылытуу системалары жана метеорологиялык шарттар аталып келет.