Бишкекте абанын булгануусу ченемден 2,25 эсеге чейин ашты

Коом Загрузка... 20 Февраль 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.19.31.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. Бишкекте абанын булгануусу ченемден 2,25 эсеге чейин ашты. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-февралдан 19-февралга чейин Бишкек шаарынын абасындагы негизги булгоочу заттардын орточо суткалык концентрациясы текшерилип, булгоочу заттардын көлөмү белгиленген чектүү деңгээлден 2,25 эсеге чейин ашкандыгы аныкталды.