Бишкекте абанын булганышы нормадан ашты

Коом 6 февраль 2026 11:40
Бишкекте абанын булганышы нормадан ашты
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Бишкекте атмосфералык абадагы булгоочу заттардын чектүү жол берилген концентрациясынан ашып кеткендиги катталды. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 30-январынан 5-февралына чейинки мезгилде борбор калаада атмосфералык абадагы негизги булгануучу заттардын орточо суткалык концентрациялары чектүү деңгээлден 3,25 эсеге чейин ашкан.