Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Алдыдагы жумада Бишкек шаарында жылуу аба ырайы күтүлүп, дем алышка жакын абанын температурасы акырындап төмөндөйт.
Бүгүн күндүз абанын температурасы +15…+17 градус болсо, түнкүсүн +4…+6 градус болот. Аз өлчөмдө жаан жаашы мүмкүн.
17-февралда күндүз +14…+16 градуска чейин жылыйт, түнкүсүн +3…+5 градус болот. Ала булут каптайт.
18-февралда күндүз аба ырайы +19…+21 градуска чейин көтөрүлүп, түнкүсүн +6…+8 градус ченинде. Жаан-чачын болбойт.
19–20-февралда аптанын эң жылуу күндөрү болуп, күндүз +20…+22 градус, түнкүсүн +5…+7 градус болот. Күн ачык болору күтүлүүдө.
21–22-февралда акырындан салкындап, күндүз +10…+12 градус, түнкүсүн +3…+7 градус болот. Ала булут каптайт.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, аптанын ортосу борбор калаада жаз күнүндөй жылуу өтүп, дем алышка карата абанын температурасы байкаларлык төмөндөйт.