Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. 15-ноябрдан тартып борбор калаада №66 жаңы электробус каттамы ишке кирди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Көлмө конушунан 8-кичи районго чейин ыңгайлуу, үнөмдүү жана экологиялык жактан таза электробустар каттай баштады.
Маршруттун багыты: Көлмө конушу — Мидин көчөсү — М.Ганди көчөсү - Жаш Гвардия бульвары — Чүй проспектиси - Бейшеналиева көчөсү - Киев көчөсү — Байтик баатыр көчөсү — Токомбаев көчөсү, ал эми акыркы аялдама 8-кичирайон.
Электробустар заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана USB кубаттагычтар менен жабдылган.
Бишкек мэриясы шаарын тургундарын коомдук транспортту таза жана кубаттагычтарды абайлап колдонууга чакырат.