Бишкекте 57 жаранга 5 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмдөрү берилди

Коом Загрузка... 18 Июнь 2026 13:15
WhatsApp Image 2026-06-18 at 12.42.03.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалы тарабынан 57 жаранга 5 млн 150 миң сом камсыздандыруу төлөмдөрү тапшырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКсынын Бишкек филиалынын директору Марат Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, бул каражат ушул жумага карата төлөнүп жаткан төлөмдөр. Өткөн жумада Бишкек филиалы тарабынан 4 млн сомдон ашык каражат 40тан ашык жаранга төлөнгөн.

“Мында көбүнчө ОСАГО полиси жана анын ичинде “КАСКО-Extra” полиси менен да төлөмдөр бар. Андан тышкары, жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жоопкерчилигин камсыздандыргандардын да төлөмдөрү кошулган. Жалпысынан ОСАГО полиси боюнча төлөмдөр жүргүзүлдү. Бишкек шаары боюнча 1-январдан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 88 млн сомдон ашык каражат төлөнүп берилди. Анын ичинен турак жайларга 10 млн сомдон ашык төлөм төлөндү.
Камсыздандыруу деңгээли тууралуу айтсам, ОСАГО полисин алган жарандарыбыз жок эмес, бирок ошол эле учурда жарандар толук камсыздандырыша элек. Камсыздандыргандардын саны күндөн-күнгө өсүп келе жатат. Бүгүнкү төлөмдөр да элге түшүнүк берип, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууга түрткү болот деп ойлойм”, - деди Кудайбергенов.

Ошондой эле ал өз сөзүндө ОСАГО полиси кандай иштей тургандыгын түшүндүрдү.

“ОСАГО полиси үчүнчү жактын алдында айдоочунун жарандык жоопкерчилиги болуп саналат. Муну жалпак тил менен айтканда, Асан Үсөндүн машинесин сүзүп алып, Асан күнөөлүү болсо, Үсөндүн унаасын камсыздандыруу уюму төлөп берет дегенди түшүндүрөт. Бир автоунаага лимит 150 миң сомго чейин чыгымдарына жараша төлөнөт. Андан тышкары, эгер унаанын ичинде жүргүнчү болуп, ал жабыркап кала турган болсо, ооруканада дарыланган чыгымдарынын 100 миң сомго чейинки төлөмдөрү бар. Эгер жаран каза болуп калган учурлар катталса, анын жакындарына 300 миң сом каражат төлөнүп берилет. ОСАГО полисинин базалык баасы бир жылга 1 миң 680 сомдон башталат. Бул айдоочунун жашына, эмгек стажына жана унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша болот”,- дейт ал.