Бишкекте 560 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу уланууда

Коом Загрузка... 02 Декабрь 2025 11:28
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Бишкекте Жибек жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 орто мектеп үчүн жаңы имарат курулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Долбоорду Капиталдык курулуш башкармалыгы ишке ашырууда.

Жаңы имарат үч кабаттуу, жертөлөсү бар. Жалпы аянты 5199,19 чарчы метрди түзөт жана мектеп 560 окуучуга ылайыкташтырылган.

Долбоорго ылайык, мектептин аймагы жашылдандырылып, кичи-футбол, баскетбол жана волейбол, машыгуу жана оюн аянтчалары курулат. Ошондой эле асфальтбетон жана таман таш төшөлмө, жаан-чачын үчүн канализация системасы жана өрткө каршы тилкелер сыяктуу ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Учурда спорт залда жана жыйындар залында кыш төшөө иштери жүрүп, үчүнчү кабаттын каркасын чогултуу иштери башталды. Футбол жана баскетбол аянтчаларынын курулушу да уланууда.