Бишкекте 522 миң сомдук мыйзамсыз тамеки жана ичимдик табылды

Экономика Загрузка... 15 Май 2026 10:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз акциздик товар жүгүртүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө салыкчылар тиешелүү акциздик маркалары жок, жалпы суммасы 522 миң сомдон ашкан акциздик товарларды аныкташты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 110 литр спирт, 3500 куту тамеки, акциздик маркасы жок никотин камтылган 27 таңгак чайналуучу тамеки сагызы, ошондой эле күмөндүү акциздик маркасы бар 41 бөтөлкө алкоголдук продукция табылган.

Аталган продукцияны сактоо жана андан ары сатуу ишин чет өлкөлүк жаран жүргүзүп келгени аныкталды. Товарлар Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин аймагында сатылып, төлөмдөр QR-код аркылуу «AliPay» төлөм системасы менен кабыл алынган.

Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.