Бишкекте 40 чакырымдан ашык эски электр линиялары жаңыланат

Коом 562 23 Март 2026 16:06
655761883_926242086667434_1381826498275251906_n.jpg
656805122_926242090000767_5956648255369207618_n.jpg
656844895_926241986667444_1623607770337542461_n.jpg
Алдыга
Артка
655761883_926242086667434_1381826498275251906_n.jpg
656805122_926242090000767_5956648255369207618_n.jpg
656844895_926241986667444_1623607770337542461_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Бишкекте 40 чакырымдан ашык эскирген электр линиялары жаңыланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул иштер 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында аткарылууда.

2026-жылы борбор калаада 40миң 700 чакырымдан ашык СИП-кабелди тартуу жана реконструкциялоо каралган. Иштер марттан ноябрга чейин жүргүзүлүп, шаардын негизги электр тармактарын камтыйт.

Райондор боюнча карасак:

Чыгыш РЭТ— 4,5 км;

Батыш РЭТ— 21 420 км;

Түндүк РЭТ— 19 272 км.

Долбоордун алкагында төмөнкү иштер аткарылат:

  • эскирген электр линияларын жаңылоо,
  • эски зымдарды заманбап изоляцияланган СИП-кабелдерге алмаштыруу,
  • жаңы тирөөчтөрдү орнотуу жана учурдагы конструкцияларды бекемдөө,
  • жаңы абоненттерди кошуу жана турак жай массивдериндеги тармактарды өнүктүрүү,
  • иштеп жаткан линиялардагы жүктөмдү азайтуу,
  • электр энергиясынын техникалык жоготууларын азайтуу.