Бишкекте 32 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Коом 276 19 Май 2026 09:40
1051379295_0_147_2731_1683_1920x0_80_0_0_efe174a48094b62a1b25462d4b977dbc.jpg
702010111_1302728838712832_3469067035568001741_n.jpg
Алдыга
Артка
1051379295_0_147_2731_1683_1920x0_80_0_0_efe174a48094b62a1b25462d4b977dbc.jpg
702010111_1302728838712832_3469067035568001741_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө спорт комплекстин аймагындагы сүзүү бассейнине тиешелүү көмөкчү жайлар мыйзамсыз түрдө жеке жактарга өтүп кеткендиги аныкталган. Жалпы аянты 174,6 чарчы метрди түзгөн бул мүлк 1993-1997-жылдары мамлекеттик менчикте турган.

Көрүлгөн прокурордук чара көрүү актыларынын жыйынтыгында баасы 32 млн 840 миң сом болгон объект мамлекеттин карамагына кайтарылды.