Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым жол куруу жана оңдоо пландалууда

Коом 18 апрель 2026 15:00
Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым жол куруу жана оңдоо пландалууда
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.04.26 /Кабар/. Быйыл Бишкек шаарында болжол менен 120 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 100 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ал эми 20 чакырымы жаңы салынат.

Мэр белгилегендей, акыркы жылдары жол куруу иштери кыйла ылдамдап, мурда жылына 20 чакырым гана жол салынса, 2024-жылы 62 чакырымга, ал эми 2025-жылы 92 чакырымга чейин жеткен.

Мындан тышкары, шаарда көпүрөлөрдү куруу жана чыгыш, батыш жана түндүк транспорттук айланма жолдорун куруу иштери да жүрүп жатат.