Бюджеттен каржыланат: Бишкекте 20 мектептин курулушу башталды

Коом 3 март 2026 09:21
WhatsApp Image 2025-12-04 at 15.14.47 (1).jpeg
645918117_1427825068816538_5269478938312418601_n.jpg
645808065_1427824982149880_5370336066039097354_n.jpg
645944235_1427824855483226_7832052499760520432_n.jpg
646132814_1427825002149878_595755756693789838_n.jpg
646142655_1427824862149892_674948454153481055_n.jpg
646280616_1427824872149891_6722958797037737137_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен 20 мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликте тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү катышкан жумушчу жыйын өттү. Жыйында борбор калаада курулуп жаткан билим берүү мекемелеринин техникалык абалы, иштин сапаты жана аткарылуу графиги талкууланды.

Мындан тышкары, долбоорлорду ишке ашырып жаткан подряддык ишканалардын курулуш материалдары менен камсыздалышы, жумушчу күчүн уюштуруу, коопсуздук чаралары жана каржылоо маселелери каралды. Курулуш иштерин белгиленген мөөнөттөн кечиктирбөө боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Учурда объектилер райондор боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Октябрь району – 6 мектеп;
  • Ленин району – 6 мектеп;
  • Биринчи май району – 5 мектеп;
  • Свердлов району – 3 мектеп.
"Бардык объектилерде курулуштун алгачкы этаптары жүрүүдө. Иштин сапаты жана коопсуздугу министрликтин тыкыр көзөмөлүндө турат", — деп айтылат маалыматта.