Бишкекте 1970-жылдары курулган эски кабелдик линиялар алмаштырылууда

Коом 18 май 2026 16:00
700083683_970597155565260_4786074420603763044_n.jpg
700658244_970597068898602_4534551790260763323_n.jpg
701850362_970597118898597_2150916245758980428_n.jpg
700971067_970597092231933_2175874512396003832_n.jpg
702334965_970597038898605_8607237870897184847_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Бишкекте 20 чакырымдан ашык жаңы кабелдик линиялар тартылат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, электр тармактарындагы кабелдик линиялардын бир бөлүгү 1970-жылдары курулгандыктан, алардын техникалык абалы жаңылоону талап кылат. Мурда колдонулган кабелдердин эксплуатациялык мөөнөтү орточо 25 жыл болсо, учурда колдонулуп жаткан заманбап кабелдердин кызмат өтөө мөөнөтү 25–40 жылды түзөт.

Быйыл 10 кВ чыңалуусундагы 20 чакырымдан ашык кабелдик линияларды куруу жана реконструкциялоо пландалууда.

Иштер төмөнкү участоктордо жүргүзүлөт:

  • Токтогул көчөсү / Эркиндик бульвары;
  • "Пишпек" көмөк чордону;
  • Ак-Тилек жаңы конушу;
  • "Абдыкалыков" көмөк чордону (7-8-10-кичи райондор);
  • Элебесов көчөсүнөн Чоң Чүй каналынын боюндагы Үсөнбаев көчөсүнө чейин.

Бүгүнкү күндө жалпы узундугу 3 чакырым кабелдик линиялар тартылып бүттү.