Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм сөөк жутуп алып, кызыл өңгөчүнө тыгылып калган

Коом 685 02 Апрель 2026 14:45
659502659_2724567314579712_6351572129756874114_n.jpg
662833783_2724567217913055_4017406382727753496_n.jpg
Алдыга
Артка
659502659_2724567314579712_6351572129756874114_n.jpg
662833783_2724567217913055_4017406382727753496_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм сөөк жутуп алып, ал кызыл өңгөчүнө тыгылып калган. Бул тууралуу Бишкек шаардык балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала 4 сантиметр өлчөмүндөгү сөөктү жутуп алган. Шаардагы эки ооруканада сөөктү чыгара алышпагандыктан, өспүрүм Бишкек шаардык балдардын тез жардам клиникалык ооруканасына жеткирилген.

"Дарыгерлер ыкчам түрдө операция жасап, тыгылып калган сөөктү ийгиликтүү алып чыгышты. Оор абалда келген балага дароо керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, операция жасалды", — деп белгилешти ооруканадан.

Учурда өспүрүмдүн абалы туруктуу экени айтылды.