Ысык-Атада тез жардам кызматынын жаңы имараты ачылды

Коом 16 сентябрь 2026 10:20
810900469_1084829670629592_6337246596613317116_n.jpg
799858999_2285783925607452_1004818946047720683_n.jpg
812427178_1052066737653610_6264416073738417103_n.jpg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 07.32.02.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ысык-Ата районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, бир катар жаңы объектилердин — үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ), тез медициналык жардам кызматынын жаңы имаратынын, сейил бактын жана балдар аянтчасынын ачылышына катышты.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы объектилердин ачылышы Кант шаарынын тургундары үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле медициналык адистердин иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Учурда Ысык-Ата Жалпы дарыгерлик практика борборунун курамында 21 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 35 фельдшердик-акушердик пункт бар.

Мекеме 220 миңден ашуун калкка медициналык кызмат көрсөтөт.