Бишкекте 12-кичи райондон Ош базарына чейин трамвай линиясын куруу пландалууда

Коом Загрузка... 13 Январь 2026 11:58
relsy-tramvajnye__3odn1y1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Бишкекти 2050-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Башкы планына ылайык, 12-кичи райондон шаардын борборуна жана андан ары Ош базарына чейин трамвай линиясын куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын түшүндүрмөсүндө айтылат.

Муниципалитеттен белгилешкендей, трамвай линиясын Аалы Токомбаев проспектиси боюнча 12-кичи райондон шаардын борборуна чейин, андан ары Киев көчөсү менен Ош базарына чейин куруу каралууда.

"Курулуш иштерин ишке ашыруунун кезектүүлүгү жана каттамдарды аныктоо долбоорлоонун кийинки этаптарында, анын ичинде трамвай линияларынын курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууда такталат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, жарандардан шаарды айланып өтүүчү трамвай линиясын куруу сунушу түшкөн. Бул маселе боюнча муниципалитеттен билдиришкендей, трамвай линиялары Башкы планга ылайык, эл эң көп каттаган багыттар боюнча, калк жыш жайгашкан негизги турак жай райондорун камтып, алардын борбор менен байланышын камсыз кыла тургандай каралган.

Буга байланыштуу шаарды айланып өтүүчү трамвай линиясы жүргүнчүлөрдү ташууда натыйжалуу кызмат көрсөтө албайт деп түшүндүрүштү мэриядан.