Бишкекте 10 жылдан бери документи жок 180 батирлүү үй мыйзамдаштырылды

Коом 27 март 2026 09:15
657429480_1446893203576391_4584263234229287255_n.jpg
657485900_1446893303576381_5842505633844430111_n.jpg
657540194_1446893603576351_4074457425641774770_n.jpg
657570386_1446893516909693_1469697508225444437_n.jpg
658180086_1446893380243040_3734954384872714452_n.jpg
658363877_1446893336909711_7097658890238288037_n.jpg
658783602_1446893286909716_7097493996736919256_n.jpg
658865102_1446893320243046_8141287444045659866_n.jpg
658970754_1446893483576363_5759700027840931259_n.jpg
659153345_1446893583576353_4931210984719898165_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Бишкекте Ажыбек Баатыр көчөсүндөгү 9 кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Восток Строй Инвест" компаниясы тарабынан курулган бул объекттин маселеси жер тилкесине байланыштуу соттук териштирүүлөрдөн улам 10 жыл бою чечилбей келген. Мындан улам 180 үй-бүлө батирлерин өз атына каттата албай жана коммуналдык кызматтар үчүн кымбат тариф менен төлөп келишкен.

Объектти пайдаланууга берүү актысы тапшырылды, бул эми тургундарга батирлерин толук мыйзамдаштырууга жол ачат. Ал эми жашоочулар коммуналдык кызматтарды калк үчүн белгиленген стандарттык тариф менен төлөй башташат.

Министр Нурдан Орунтаев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2025-жылдан тарта мындай көйгөйлүү үйлөрдү иретке келтирүү иштери туруктуу жүрүп жатканын белгиледи.