Бишкекте 1-апрелде айрым жерлерде ичүүчү суу өчөт

Коом 658 30 Март 2026 11:55
1774692746_large.jpeg
1774692730.jpeg
Алдыга
Артка
1774692746_large.jpeg
1774692730.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Шаршемби, 1-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу "Кажысай" суу топтомосундагы жана шаардык түтүктөрдөгү пландуу оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Өчүрүү аймагы:

  • Лермонтов көчөсү – Ауэзов көчөсү – Шабдан баатыр көчөсү – Көлбаев көчөсү, ЖЭБ–Токмок каналы;
  • Аламүдүн кичи району, Куруучулар шаарчасы.

Бишкек мэриясы тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.