Бишкекке Кытайдан 95 жаңы автобус келди

Коом 15 декабрь 2025 11:20
Бишкекке Кытайдан 95 жаңы автобус келди
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Бишкекке 95 жаңы автобус алынып келди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Белгиленгендей, Кытайдан Бишкек шаарына жеткирилген 95 жаңы автобус толугу менен ДЕПО-1дин аймагына жайгаштырылды.

Ар бир автобустун узундугу 12 метрди түзүп, үч эшик менен жабдылган. Жай мезгилинде кондиционерлер, ал эми кышында жылытуу системалары иштейт. Сыйымдуулугу болжол менен 70 жүргүнчүнү түзөт.