Бишкекке 105 жаңы автобус келип, жалпы саны 1628ге жетти

Коом Загрузка... 24 Декабрь 2025 17:45
WhatsApp Image 2025-12-24 at 17.40.08.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.12.25 /Кабар/. Бишкекке 105 жаңы автобус алып келинип, шаардагы автобустардын жалпы саны 1 миң 628ге жетти. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул автобустар 2026-жылдан тарта толугу менен каттамга чыгарылат.

“Азыркы тапта күн сайын орточо 1 миң 200 автобус каттамдарга чыгып, элге кызмат көрсөтүп жатат. 2026-жылы ААРдин курамына кирген жаңы конуштардагы тар көчөлөр үчүн узундугу 7 метр болгон автобустар алып келинет. Анткени 12 метрлик ири автобустар ал жерлерге батпайт”, - деди Капаров.