Бишкек ЖЭБинин 300 метрлик түтүгү сырдалып, жарыктандырылды

Коом Загрузка... 27 Октябрь 2025 10:35

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. “Бишкек жылуулук электр борбору” (ЖЭБ) муниципалдык ишканасы бийиктиги 300 метрлик түтүктү сырдоо жана түнкү жарыктандыруу системасын орнотуу иштерин ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер станцияны күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында жүргүзүлдү, ошондой эле жабдууларды техникалык жактан жаңыртууга жана тийиштүү абалда кармоого багытталган.

Долбоор түтүктү толугу менен кайра сырдоону жана заманбап түнкү жарыктандыруу жабдууларын орнотууну камтыган.

Жаңы жарыктандыруу системасы объекттин түнкүсүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртат.