Бишкек ЖЭБинде жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү убактылуу токтотулду

Коом 6 июнь 2026 17:25
Бишкек ЖЭБинде жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү убактылуу токтотулду
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Бишкек ЖЭБинде жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 15:40та шаардагы линияларда бөлүүчү автоматика иштеп кеткендиктен, жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү убактылуу токтотулган.

"Саат 17:00гө карата жабдуулар текшерилип, эч кандай бузулуулар аныкталган жок. Учурда иш режимин калыбына келтирүү иштери башталды", — деп айтылат маалыматта.