Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштөөдө

Коом
Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштөөдө
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электр энергиясын өндүрүү көлөмү — 7022 млн кВт·саат, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү — 8,7 миң Гкал болууда.

Жалпысынан Бишкек ЖЭБинде 15 казан агрегаты, туурасынан байланышкан 7 турбоагрегат жана №3, №4 эки энергоблок орнотулган.

4-ноябрга карата алардын ичинен 8 казан агрегаты жана туурасынан байланышкан 4 турбоагрегат иштеп жатат.

Ошондой эле учурда ЖЭБдин көмүр кампасында 256 389 тонна көмүр бар.