Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп жатат. Учурда анын кампасында 259,625 миң тонна көмүр бар. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 20-октябрга карата ЖЭБдин орточо электр кубаттуулугу 160 МВтты түздү. Электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 3,851 млн кВт/саатка, ал эми жылуулук энергиясын берүү 2,4 миң гигакалорияга жетти.
ЖЭБде жалпысынан 15 казан агрегаты, кайчылаш байланыштагы 7 турбоагрегат жана №3, №4 эки энергоблок бар.
“Учурда үч казан агрегаты, эки турбоагрегат жана №3, №4 энергоблок иштеп жатат. Үч казан агрегаты жана үч турбоагрегат оңдоодо болсо, тогуз казан агрегаты жана эки турбоагрегат резервде турат”, - деп айтылат маалыматта.