Бишкек, 11.11.26 /Кабар/. Абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу Бишкек жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп, шаар тургундарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоодо.
Муниципалитеттен билдиришкендей, станциянын негизги жана көмөкчү жабдууларынын абалы көзөмөлдөнүп, авариялык бригадалар толук даярдыкта турат.
Ошондой эле абанын температурасы төмөндөгөн мезгилде ЖЭБдин туруктуу иштешин камсыздоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.