Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Чүй облусундагы "Чуңкурчак" тоо лыжа базасында 2026-2027-жылдардагы кышкы туристтик сезонго даярдык жана коопсуздук талаптарынын аткарылышы текшерилүүдө.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө асма жолдордун техникалык абалы, пайдаланылып жаткан жабдуулардын коопсуздугу жана белгиленген талаптарга шайкештиги каралууда. Ошондой эле өнөр жай коопсуздугунун ченемдеринин сакталышына көңүл бурулууда.
Мындан тышкары, мүмкүн болуучу авариялык кырдаалдардын алдын алуу, техникалык мүчүлүштүктөрдү өз убагында аныктоо жана эс алуучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселелери текшерилүүдө.
Мындай рейддер кышкы туристтик сезон учурунда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого, туристтик объектилердин коопсуз иштешин камсыздоого багытталган.