Бишкек, 2.11.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрдан тарта Ош шаарындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жылуулук бериле баштады.
Мэриядан билдиришкендей, ал эми турак үйлөргө жылуулук 4-ноябрдан тарта этап-этабы менен берилет.
Бүгүн кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынында шаардагы муниципалдык ишканалардын жана тиешелүү кызматтардын даярдыгы каралды.
Ошондой эле шаар тургундарын электр энергиясы, жылуулук жана таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, газдаштыруу иштери, трансформатордук көмөк чордондордун абалы талкууланды.
Жыйындын соңунда мэрдин орун басары Эрнис Толтоев жооптуу кызматтарга кыш мезгилинде үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү жана күтүлбөгөн кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даяр болууну тапшырды.