Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн 98 пайызына жылуулук берилди

Коом
Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн 98 пайызына жылуулук берилди
copyright icon WWW

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн 98 пайызы жылуулукка кошулду.

Муниципалиттин маалыматына караганда, 30-октябрда саат 09:00гө карата борбор калаадагы 1 миң 931 турак үйгө жылуулук берилди.

"Учурда адистер жылуулук системасындагы гидравликалык режимди жөнгө салып, калган үйлөрдү жылытуу системасына кошуу иштерин улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле "Бишкекжылуулуктармагы" жана "Бишкекжылуулукэнерго" ишканалары Куруучулар, Энергетиктер шаарчаларында жана Учкун кичи районундагы үйлөрдү жылуулукка кошууда. Бүгүнкү күнгө карата бул аймактардагы 67 үйгө жылуулук берилди.