Жылуулук берүү: Бишкекте жаңы отканалар иштей баштады

Коом
863588431_1617866237055891_2862681415177881142_n.jpg
1.jpg
863442951_1617866723722509_2191921584665288221_n.jpg
863442956_1617866573722524_6969608946279249454_n.jpg
863535332_1617866707055844_1733304740491677744_n.jpg
863567878_1617866697055845_3941391476275164913_n.jpg
photo_5409058057578290214_y.jpg
863634117_1617866243722557_5645853204676116237_n.jpg
864951653_1617866523722529_4896355513427120777_n.jpg
864991360_1617866577055857_4521226802804637664_n.jpg
864991375_1617866453722536_1663041932644406725_n.jpg
865097092_1617866477055867_5489391592134426209_n.jpg
868849123_1617866607055854_7537666599936641908_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жылытуу мезгилине карата "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын жаңы отканаларын ишке киргизди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-кичи райондогу отканага жалпы кубаттуулугу 25 МВт болгон үч газ казаны орнотулду. Ушундай эле жабдуулар Энергетиктер шаарчасында да бар. Бул эки объект 7 миң 300дөн ашык абонентти жылуулук менен камсыз кылат.

Ал эми Жал конушундагы "Ротор" отканасына жалпы кубаттуулугу 20 МВт болгон эки жаңы газ казаны орнотулду. Мурдагы жабдуулар дээрлик 40 жылдан бери колдонулуп келген.

"Мындан тышкары, ишкананын 16 объектисиндеги жылуулук насосторун аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген бирдиктүү диспетчердик системасы ишке кирди. Бул технология көмүр менен электр энергиясынын сарпталышын жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга багытталган",-деп айтылат маалыматта.