Суукка байланыштуу Бишкек ЖЭБи күчөтүлгөн режимге өтөт

Коом Загрузка... 14 Январь 2026 15:30
1768380216_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Абанын температурасы кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору жогорку даярдык режимине өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, электр жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн авариялык бригадалар күчөтүлдү, техникалык жана оперативдүү персоналдын күнү-түнү иштөө нөөмөтү уюштурулду, ошондой эле негизги жана көмөкчү жабдуулардын ишине кошумча көзөмөл камсыздалды.

Штаттан тышкаркы мүмкүн болгон кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу үчүн ишкананын бардык кызматтары тынымсыз байланышта турат.

Бишкек шаарынын ЖЭБи төмөнкү температура шартында керектөөчүлөрдү туруктуу жана ишенимдүү жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.