Бишкек шаарынын топографиясы санариптик форматка өткөрүлөт

Коом 30 июль 2026 14:10
759871621_1550819976517046_2476821113687749312_n.jpg
759688514_1550819946517049_1457373936905976336_n.jpg
759655515_1550819993183711_4299456552364036948_n.jpg
758377302_1550820019850375_5468507730219009016_n.jpg
761085165_1550819953183715_4736323313115255428_n.jpg
Алдыга
Артка
759871621_1550819976517046_2476821113687749312_n.jpg
759688514_1550819946517049_1457373936905976336_n.jpg
759655515_1550819993183711_4299456552364036948_n.jpg
758377302_1550820019850375_5468507730219009016_n.jpg
761085165_1550819953183715_4736323313115255428_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын топографиясы санариптик форматка өткөрүлөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгында топографиялык-геодезиялык иштерди санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери боюнча “ТИМ КРЕДО” компаниясынын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өттү.

Анда топографиялык-геодезиялык иштерди автоматташтырууга, инженердик изилдөөлөрдүн маалыматтарын иштеп чыгууга, топографиялык пландарды даярдоого жана тиешелүү маалыматтар менен иштөөгө багытталган “КРЕДО ТОПОГРАФИЯ” программалык комплекси тааныштырылды.

Аталган программалык чечимдерди киргизүү топографиялык маалыматтарды иштеп чыгуу процессин жакшыртууга, геомаалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө жана шаар куруу тармагындагы маалыматтарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты улантуу жана мындан аркы өз ара аракеттенүү багыттарын талкуулоо боюнча макулдашышты.