Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада эттин баасын көзөмөлдөө боюнча рейдге чыкты.
Рейддин алкагында мэр "Весна" соода борборуна, "Алтын така" жана "Ош" базарларына барды. Анда калаа башчысы сатуучулар менен баарлашып, бааны негизсиз жогорулатпоону тапшырды.
Рейдге Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Бишкек шаардык ветеринардык кызматынын адистери, салык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери да катышты.