Бишкекте дагы 3 бала бакча карантинге жабылды

Коом Загрузка... 05 Декабрь 2025 17:35
1294774.bab6f65100c1d5ac3e8e25367fe85c07.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Бишкек шаарында дагы 3 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Белгиленгендей, бала бакчалар Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун көрсөтмөсүнүн негизинде жабылган.

Карантин учурунда ата-энелер балдарды эл көп чогулган жайларда алып барбай, толук айыктырып, дени сак бакчага алып келүүсү зарыл экендиги маалымдалган.

Эскерте кетсек, оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу буга чейин 3-декабрда борбордогу 25, ал эми Чүй облусунда 40 бала бакча карантинге жабылган. Ал эми Ош облусунда 5 мектеп онлайн окууга өткөн.