Сасык тумоодон улам 65 бала бакча жабылып, 5 мектеп онлайн окууга өттү

Ден соолук Загрузка... 03 Декабрь 2025 11:40
703484.c3afaa861e443496c2da33570a3f914a.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаарында 25, ал эми Чүй облусунда 40 бала бакча убактылуу жабылды. Бул тууралуу 2-декабрда сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо боюнча ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ал эми Ош облусунда беш мектеп онлайн окууга өттү.

Ошондой эле ар кандай уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине санитардык эрежелер даярдалып, райондук администрацияларга жана тиешелүү ведомстволорго, анын ичинде Агартуу министрлигине, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына каттар жөнөтүлдү. Ири соода борборлоруна, маданий жана билим берүү мекемелерине профилактикалык чараларды күчөтүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Инфекциялык ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө турат.

Белгилей кетсек, өткөн жумада сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекция 2,5 эсеге көп катталган.