Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Бишкек шаарында 25-февралдан 3-мартка чейин аба ырайы сууктап, мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Анда белгиленгендей, 25-февралда түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн. 25-февралда күндүз жана 26-февралда түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз. 26-февралда күндүз жаан жаашы күтүлөт. 27-февралда түнкүсүн жаан, кар, күндүз жаан жаашы күтүлөт. 28-февралда жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 2-3-мартта жаан, кар жаашы мүмкүн.
25-февраль
түнкүсүн -1…-3 күндүз 5…7
26-февраль
түнкүсүн -1…+1 күндүз 4…6
27-февраль
түнкүсүн -1…+1 күндүз 5…7
28-февраль
түнкүсүн -3…-5 күндүз 0…2
1-март
түнкүсүн -4…-6 күндүз 2…4
2-март
түнкүсүн -2…-4 күндүз 4…6
3-март
түнкүсүн -2…-4 күндүз 3…5