Вице-мэр каттамга чыгып, коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөй турганын айтты

Коом Загрузка... 28 Ноябрь 2025 14:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. "Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасында коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, анда мэрдин орун басары Рамиз Алиев, Транспорт департаментинин өкүлдөрү жана "Бишкек шаардык транспорту" ишканасынын кызматкерлери айдоочулардын пикирлерин жана сунуштарын угуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулашты.

Мындан тышкары, кеңешмеде айдоочулардын жетишсиздиги, айдоочулардын жол жүрүү учурунда алаксытуучу накталай төлөмдөрдү алып салуу өтүнүчү, жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, айдоочулардын эмгек акысын жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу маселелери да каралды.

Мэрдин орун басары транспорт тармагын көзөмөлдөө алкагында жеке өзү каттамга чыгып, көтөрүлгөн бир катар маселелер андан кийин чечилерин белгиледи.